# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030253)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлу № 152 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030253/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5617/edition/35811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030253/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030253/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: төмөнкүдөй мазмундагы 435-1-берене менен толукталсын: "435-1-берене. Жарандардын кайрылууларын кароо тартибин бузуу Жарандардын кайрылууларын кабыл алуудан жана кароодон укук ченемсиз баш тартуу, аларды кароо мөөнөттөрүн бузуу, жазуу (электрондук) жүзүндө жооп бербөө, ошондой эле жарандын бузулган укуктарын калыбына келтирүүнү камсыз кылбоо түрүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жарандардын кайрылууларын кароо тартибин бузуу - кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030253/st-2)
