Орловка шаарынын кеңешинин «Мал жаюуга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIX чакырылышынын VI кезексиз сессиясы
2025-жылдын 18-июну № 56/6-29
Мал жаюуга чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 04-13/247 буйругунун негизинде жана Орловка шаарынын тургундарынын 2025-жылдын 30-майындагы арызын карап чыгып, Орловка шаарынын кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын жакынкы жайыт жерлеринде мал жаюу жыл сайын 15-апрелден 15-сентябрга чейинки мезгилде чектелсин.
2. Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулардын Жайыт комитетине:
- жакынкы жана алыскы жайыт жерлердин чектери белгиленсин.
- алыскы жайыттарды пайдаланууга шарттарды түзүү боюнча иш-аракеттери жүргүзүлсүн.
3. Орловка шаарынын мэриясы тарабынан жайыт жерлеринде мал жаюу графигин бузган пайдалануучуларга административдик чара көрүү иштери күчөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын Жайыт комитетинин төрагасына жана Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Д.Токтакуновго жүктөлсүн.
Төрага
М.И. Токтакунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 23-июлу № 04-13/247 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба…Приказ · 23.07.2024 · № 04-13/247