2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 481 токтомуна)
2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы
№
Милдеттер
Иш-чаралар
Ишке ашыруу мөөнөтү
Күтүлгөн натыйжалар (продукт)
Жооптуу аткаруучулар
1
1. Аквакультураны өнүктүрүүнү колдоо
1
Балык чарба субъекттеринде өндүрүштүк ишмердикти жана биокоопсуздукту башкарууну жакшыртуу, ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу
1.1. Балык чарбалык ишмердиктин ар бир түрү үчүн колдонуудагы ченемдерди жана эрежелерди кайра карап чыгуу, зарылдыгына жараша толуктоо жана жаңыларын иштеп чыгуу, суу көлмөлөрүн пайдалануу келишимдерине тиешелүү талаптарды киргизүү
2026-жылдын IV кварталы
Ченемдик-укуктук актылар иштелип чыкты жана кабыл алынды, алар ченемдик жана келишимдик базага киргизилди
БӨЖКД, ВМЧӨЖТК
1.2. Балык өстүрүүчү чарбаларда балыктардын ден соолугун жана биокоопсуздукту башкаруу ыкмаларын иштеп чыгуу (инкубациялык чарбалар, питомниктер, өстүрүү зоналары)
2026-жылдын II кварталы
Балыктардын ден соолугун жана биологиялык коопсуздукту башкаруу меттоддору иштелип чыкты жана кабыл алынды, алар балык чарбаларынын арасында жайылтылды
БӨЖКД, ВМЧӨЖТК
1.3. Фермерлерге балыктардын ден соолугун жана биокоопсуздукту башкаруу ыкмаларын окутуу
2027-жылдын IV кварталы
Балык чарба субъекттери окутулду
БӨЖКД, ВМЧӨЖТК
1.4. Тоюттардын жана балык тукумун көбөйтүүчү материалдын сапатын контролдоо механизмин иштеп чыгуу
2026-жылдын II кварталы
Тоюттун жана балык тукумун көбөйтүүчү материалдын сапатын контролдоо механизми иштелип чыкты жана кабыл алынды
ВМЧӨЖТК, БӨЖКД
1.5. Фермаларда ооруларга жана биокоопсуздукка мониторинг жүргүзүү жана диагноздоо үчүн стандарттуу операциялык жол-жоболорду (ветеринардык СОЖ) кабыл алуу
2025-жылдын IV кварталы
Мониторинг жүргүзүү жана ветеринардык СОЖ үчүн нускама-методикалык документтер катары жол-жоболор иштелип чыкты жана кабыл алынды
ВМЧӨЖТК, БӨЖКД
1.6. Ветеринардык кызматтарды балык ооруларын диагноздоо, фермаларда балыктардын ден соолугун жана биокоопсуздукту башкаруу боюнча окутуу
2026-жылдын IV кварталы
Мамлекеттик жана жеке ветеринарлар үчүн окуу программасы иштелип чыкты жана окуулар өткөрүлдү
ВМЧӨЖТК, БӨЖКД
1.7. Өндүрүштүк-технологиялык процесстерди стандартташтыруу, балыктардын ден соолугун башкарууну жакшыртуу, ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча план кабыл алуу
2026-жылдын III кварталы
Стандартташтыруу боюнча план иштелип чыкты жана кабыл алынды
ВМЧӨЖТК, БӨЖКД
2
Балык продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу
2.1. Балык жана балык азыктарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүү, бул системаны балык чарба комплексине киргизүү боюнча бардык чараларды жана негизги этаптарды камтыган планды кабыл алуу
2027-жылдын I кварталы
Балык жана балык азыктарына байкоо жүргүзүү системасы киргизилди, ишке киргизүү боюнча план кабыл алынды
БӨЖКД, ВМЧӨЖТК
2.2. Балыкты кайра иштетүүчү ишканаларга жана балык азыктарына мониторинг жүргүзүү жана сертификаттоо планын кабыл алуу
2027-жылдын IV кварталы
Мониторинг жүргүзүү жана сертификаттоо боюнча план даярдалды жана кабыл алынды
БӨЖКД, ВМЧӨЖТК
2.3. Балыкты жана балык азыктарын ветеринардык-санитардык экспертизалоо боюнча стандарттуу операциялык жол-жоболорду (ветсанитардык СОЖ) кабыл алуу
2025-жылдын IV кварталы
Ветеринардык-санитардык СОЖ иштелип чыкты жана нускама-методикалык документтер катары кабыл алынды
БӨЖКД, ВМЧӨЖТК
2.4. ЕАЭБ талаптарына ылайык балыкты жана балык азыктарын ветеринардык диагноздоо жана ветеринардык-санитардык экспертизалоо үчүн зарыл жабдуулар менен камсыз кылып, ВДЭБдин лабораториялык-диагностикалык потенциалын жогорулатуу
2028-жылдын IV кварталы
Лаборатория кошумча жабдуулар менен жабдылып, аккредитацияланган
ВМЧӨЖТК
3
Жайыттык аквакультураны өнүктүрүүнү колдоо
3.1. Суу көлмөлөргө жана республиканын табигый-климаттык зоналарына ылайыкташкан, жайыттык балык өстүрүү үчүн балык тукумун көбөйтүүчү материалдын сапатын жана өндүрүшүн жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана план кабыл алуу
2026-жылдын III кварталы
Суу көлмөлөрдү балыктандыруу үчүн балык тукумун көбөйтүүчү материалдардын сапатын жана өндүрүшүн жакшыртуу боюнча чаралар иштелип чыкты жана план кабыл алынды
БӨЖКД
3.2. Мамлекеттик жана жеке ишканалардын катышуусу менен план боюнча белгиленген көлөмдө суу көлмөлөрдү өндүрмөлүү балык менен балыктандыруу, балык тукумун көбөйтүүчү материалдагы жашоого жарамдуу жаңы чабактардын үлүшүн акырындык менен көбөйтүү
Жыл сайын 2025–2029-жылдары
Чыгымдардын ордун толтуруу механизми иштелип чыкты жана ишке киргизилди. Балык тукумун көбөйтүүчү материалдагы жашоого жарамдуу стадияга чейин өстүрүлгөн жаш балык чабактарынын үлүшү 10%ды түзөт
БӨЖКД
3.3. Жайыттык аквакультура менен алектенген балык чарбаларына сапаттуу балык тукумун көбөйтүүчү материалды сатып алууга көмөктөшүү
Жыл сайын 2025–2029-жылдары
Республиканын региондорунда сапаттуу балык тукумун көбөйтүүчү материалдарды сатып алуу маселелеринде жеке менчик балык чарбаларына маалыматтык жана техникалык колдоо көрсөтүү
БӨЖКД
2. Балык уулоочулукту өнүктүрүүнү колдоо
4
Чакан масштабдагы балык уулоочулукту өнүктүрүүнү колдоо
4.1. Чакан масштабдагы балык уулоочулукту колдоо үчүн ири суу көлмөлөрдө балыктын запастарын калыбына келтирүү, балык уулоочулукту башкаруу боюнча экономикалык жактан негизделген көп жылдык комплекстүү иш-чаралар планын кабыл алуу (Ысык-Көл,
Соң-Көл көлдөрү, Токтогул, Киров, Орто-Токой, Базар-Коргон суу сактагычтары)
2026-жылдын II кварталы
Ири суу көлмөлөрдө балык уулоочулукту башкаруу боюнча план иштелип чыкты жана кабыл алынды
БӨЖКД
4.2. Илимий негиздүүлүк критерийлерин жана өзгөчө сактык принцибин колдонуу менен балык уулоону чектөө жана квоталаштыруу механизмин өркүндөтүү
2027-жылдын I кварталы
Чектөө жана квоталаштыруу механизми жаңыланды
БӨЖКД
4.3. Чакан масштабдуу балык уулоочулук үчүн балык уулоо участокторун орто жана узак мөөнөткө пайдалануу укугун берүү системасын өркүндөтүү, чакан масштабдуу балык уулоочулук үчүн натыйжалуу өндүрүштүк моделдерди иштеп чыгуу, ишке киргизүү үчүн пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу
2027-жылдын IV кварталы
Тийиштүү ченемдик-укуктук документтерге өзгөртүүлөр киргизилди
БӨЖКД
4.4. Балык уулоочулукту биргелешип башкаруу моделин иштеп чыгуу
2026-жылдын IV кварталы
Балык уулоочулукту биргелешип башкаруу модели иштелип чыкты, моделди ишке киргизүү үчүн кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү жүзөгө ашырылды
БӨЖКД
5
Ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону өнүктүрүүнү колдоо
5.1 Балык запастарынын туруктуулугун, талаптагыдай контролду, балык уулоо үчүн экономикалык негизделген тарифтерди камсыз кылуу максатында ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулук үчүн балык уулоочулукту башкаруу системасын өркүндөтүү
2025-жылдын IV кварталы
Ышкыбоздук балык уулоочулукту башкаруунун жаңы системасы иштелип чыкты жана киргизилди. Бардык ышкыбоз балыкчылардын кеминде 25 %ынын жарактуу уруксаттары бар
БӨЖКД, МБУ (макулдашуу боюнча)
5.2. Жергиликтүү бийлик органдары, эс алуу жана туризм мекемелери, ошондой эле кызыкдар коомдук уюмдар үчүн ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулукту өнүктүрүү жөнүндө маалыматтык иш-чараларды өткөрүү
2026-жылдын I–II кварталы
Жергиликтүү бийлик органдарына, эс алуу жана башка мекемелерине ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулукту өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымдалды
БӨЖКД
5.3. Потенциалдуу өнөктөштөр менен ышкыбоздук жана спорттук балык уулоочулуктун белгиленген эрежелеринин сакталышына байкоо жүргүзүү боюнча айрым укуктарды берүү жана милдеттерди аткаруу боюнча келишимдерди түзүү
Жыл сайын 2025–2029-жылдары
Потенциалдуу өнөктөштөр менен келишимдер түзүлдү, эрежелердин сакталышына байкоо жүргүзүү жакшыртылды, бузууларга каршы аракеттенүү чараларынын натыйжалуулугу жогорулатылды
БӨЖКД
3. Балык уулоочулукту жана аквакультураны башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу
6
Балык чарбалык ишмердик үчүн суу көлмөлөрдү пайдаланууну башкарууну өркүндөтүү
6.1. Балык чарбалык ишмердикке суу көлмөлөрдү берүү үчүн келишимдик негизди өркүндөтүү
2026-жылдын II кварталы
Келишимдик негиз өндүрүштүк иштин ченемдерин, эрежелерин аткаруу, отчет берүү; келишимдин шарттары аткарылган учурда келишимдерди жыл сайын узартуу бөлүгү боюнча өзгөртүлдү
БӨЖКД
6.2. “Бирдиктүү терезе” системасын суу көлмөлөрдү пайдаланууга укуктарды берүү процесстерине киргизүү
2026-жылдын III кварталы
“Бирдиктүү терезе” системасы ишке киргизилди
БӨЖКД
6.3. Балык чарбалык ишмердик үчүн Кыргызстандагы суу көлмөлөрдү инвентаризациялоону жана паспорттоштурууну жүргүзүү
Жыл сайын 2025–2029-жылдары
Кыргызстандагы суу көлмөлөрдү инвентаризациялоо жана паспорттоштуруу боюнча иштер жүргүзүлдү, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана Кыргызстандын балык өстүрүү потенциалын жогорулатуу үчүн маалыматтык-аналитикалык документтер жакшыртылды
БӨЖКД
7
Балык чарба субъекттерин аймактык-мейкиндик уюштурууну жакшыртуу жана өндүрүштү интеграциялоону колдоо
7.1. Балык чарбасынын иштеп жаткан субъекттерин кластерлерге/ кооперативдерге ыктыярдуу бириктирүү боюнча планды иштеп чыгуу
2025-жылдын IV кварталы
Балык өстүрүүчүлөрдү кластерлерге / кооперативдерге бириктирүү планы иштелип чыкты
БӨЖКД
7.2. Балык чарба субъекттерин кластерлерге/кооперативдерге бириктирүү үчүн фермерлерге финансылык дем берүү жана техникалык жардам берүү чараларын иштеп чыгуу
2026-жылдын I кварталы
Фермерлерге айыл чарбасын каржылоонун ар кандай долбоорлоруна, балык чарбаларын мейкиндик-экономикалык уюмдарынын долбоорлоруна киргизүү үчүн финансылык дем берүү жана техникалык жардам берүү чаралары иштелип чыкты жана көрүлдү
БӨЖКД,
7.3. Жергиликтүү бийлик органдары үчүн аквакультураны өнүктүрүү потенциалы жөнүндө маалымдоо кампаниясын өткөрүү
Жыл сайын 2025–2029-жылдары
Бардык облустарда жергиликтүү бийлик органдарынын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча компания өткөрүлдү
БӨЖКД
7.4. Масштабдуу балык чарбалык ишмердик үчүн чектелген жерлердин контурларында тыгыз жайгашкан балык чарба субъекттерин аймактык-мейкиндик уюштуруу методикасын иштеп чыгуу
2026-жылдын I кварталы
Балык чарба субъекттерин аймактык-мейкиндик уюштуруу методикасы иштелип чыкты жана кабыл алынды
БӨЖКД
7.5. Биокоопсуздукту, суунун жана продукциянын сапатын камсыз кылуу үчүн, биологиялык сыйымдуулукту баалоонун негизинде балык өстүрүү чарбалары үчүн зоналанган аймактардын чегин ажыратуучу кадастрдык карталарды иштеп чыгуу
2026-жылдын IV кварталы
Биологиялык сыйымдуулукка баалоо жүргүзүлдү, аквакультура зоналарынын чегин ажыратуучу кадастрдык карталар иштелип чыкты
БӨЖКД, Жер агенттиги
7.6. Чүй жана Ысык-Көл облустарында балык чарба субъекттерин интеграциялоо жана алар жайгашкан жерлердин контурларын аймактык-мейкиндик уюштурууну оптималдаштыруу боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу
2026-жылдын II кварталы
Чүй жана Ысык-Көл облустарында бирден долбоор ишке ашырылды
БӨЖКД
7.7. Жайыт жерлеринде балык чарбалык ишмердигин жүргүзүү үчүн укуктук мүмкүнчүлүктү аныктоо жана экономикалык механизмди түзүү
2026-жылдын I кварталы
Негиздемелер жана чечимдин долбоору даярдалды
БӨЖКД
8
Мамлекеттик балык чарбалык ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу
8.1. Өндүрүмдүүлүктү жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу үчүн “Кыргыз балык чарбасы” МИнин иштешинин экономикалык негизделген моделин иштеп чыгуу, ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонууну кеңейтет жана уставда аныкталган каржылоо булактарын пайдаланууга негизделген
2025-жылдын IV кварталы
“Кыргыз балык чарбасы” МИнин иштешинин экономикалык негизделген модели иштелип чыкты, ал мамлекеттик балык чарбалык суу көлмөлөрдү керектүү көлөмдө балыктандыруу зарылдыгын эске алуу менен финансылык өз алдынчалуулугун жана ишинин туруктуулугун камсыз кылат
БӨЖКД
8.2. Тоң балык көбөйтүүчү заводунун базасында Балык уулоочулук жана аквакультура борборунун курулушун аяктоо, аткарылган иштерди кабыл алуу жана анын иштешин камсыз кылуу
2028-жылдын IV кварталы
Балык уулоочулук жана аквакультура борборун ишке киргизүү актысы бекитилди. Объекттин иштеши бекитилген жобого жана пландарга ылайык жүзөгө ашырылат
БӨЖКД
8.3. Уставдык милдеттерди ишке ашыруу, анын ичинде балык чарбалары үчүн кадрларды даярдоо, республикадагы суу көлмөлөрдө аквакультура жана балык чарбасында колдонмо илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү максатында Балык уулоочулук жана аквакультура борбору үчүн иш планын даярдоо
2026-жылдын IV кварталы
Балык уулоочулук жана аквакультура борборунун иш планы даярдалды жана ишке ашырылууда
БӨЖКД, “Кыргыз балык чарбасы” МИ
9
Балык продукциясын ички керектөөнүн, экспорттун жана инвестициялардын өсүшүн колдоо
9.1. Балык чарбаларынын ири керектөөчүлөрү – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн мекемелерине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелерине, ошондой эле билим берүү системасынын мекемелерине балык продукциясын жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу мамилелерди түзүүсүнө көмөк көрсөтүү
2027-жылдын IV кварталы
Балык чарбаларынын балык продукциясын ири керектөөчүлөр менен узак мөөнөттүү контракттар түзүлдү, кластерлерге, кооперативдерге бириккен чарбаларга жеткирүүгө катышуу камсыз кылынды
БӨЖКД, КМ, ИИМ, ЖАМК, Агартуумин, ИЖБИМ, балык чарбалары, балык чарбаларынын ассоциациялары (макулдашуу боюнча)
9.2. Калктын балыкка жана ата мекендик өндүрүштөгү балык продукциясына болгон ички суроо-талабына талдоо жүргүзүү, балыкты керектөөнүн маанилүүлүгүн түшүндүргөн маалыматтык кампания жүргүзүү
2026-жылдын IV кварталы
Балыкка жана балык продукциясына ички суроо-талапты талдоо аяктады, балыкты керектөөнүн пайдасы жөнүндө маалыматтык кампания ишке ашырылды
БӨЖКД, балык чарбаларынын ассоциациялары (макулдашуу боюнча)
9.3. Тышкы рыноктордун Кыргызстандын балыгына жана балык продукцияларына болгон керектөөлөрүн изилдөө, балык продукциясын экспорттоочуларды колдоо механизмдерин түзүү
2026-жылдын IV кварталы
Рынокту изилдөө боюнча отчет аяктады, сатып өткөрүү рыноктору аныкталды жана экспорттоочуларды колдоо механизмдери түзүлдү
БӨЖКД
10
Балык өнөр жай комплекси департаментинин милдеттерин жана функцияларын оптималдаштыруу жана программаны ишке ашыруу үчүн ведомстволор аралык координациялоону жакшыртуу
10.1. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде бардык документтерди оптималдаштыруу жана координациялоо үчүн санариптештирүү программасын иштеп чыгууну жана киргизүүнү координациялоо
2026-жылдын II кварталы
БӨЖКД үчүн санариптештирүүнү этап менен киргизүү
БӨЖКД, САЧКӨМ
10.2. Суу көлмөлөрдүн мамлекеттик реестрин жаңылоо, алардын өндүрүмдүүлүгүн кадастрдык баалоону киргизүү
Жыл сайын 2025–2029-жылдары
Балык чарбасын өнүктүрүүгө ылайыктуу Суу көлмөлөрдүн мамлекеттик реестри жаңыланды
БӨЖКД
10.3. БӨЖКДга жана балык уулоочулук менен аквакультураны өнүктүрүүнү башкаруу, суу жана жер ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон башка мамлекеттик мекемелердин милдеттерине функциялык талдоо жүргүзүү
2025-жылдын IV кварталы
Функциялык талдоо жүргүзүлдү, БӨЖКДнын түзүмү жана ыйгарым укуктары боюнча сунуштар даярдалды
БӨЖКД, СРК, ВМЧӨЖТК, ЖРЭТКМ
10.4. Мамлекеттик органдардын милдеттерин жана функцияларын эске алуу менен алардын браконьерликке каршы күрөшүүгө координациялоону күчөтүү боюнча чараларын даярдоо, мындан ары бул чараларды мамлекеттик органдардын иш-аракеттер (чаралар) пландарына киргизүү
2026-жылдын I кварталы
Браконьерликке каршы күрөшүү үчүн мамлекеттик органдардын координациялоо боюнча чаралары даярдалды, алардын иш-аракеттер (чаралар) пландарына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди
БӨЖКД
10.5. Балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүүнү координациялоо үчүн бардык негизги мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүн камтыган САЧКӨМгө караштуу консультативдик Комитет түзүү
2025-жылдын IV кварталы
Комитет түзүлдү жана үзгүлтүксүз негизде жыйналыштары өткөрүлүүдө
САЧКӨМ
10.6. Балык продукциясын өндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу ар бир чарбага балык – № 28 административдик отчетун толтуруу менен балык продукциясын өндүрүү жөнүндө маалымат чогултуу иштерин жүргүзүү, мындан ары программалык камсыздоонун отчеттуулугунун электрондук шаблонун киргизүү
Жыл сайын 2025–2029-жылдары
КР аймагы боюнча балык продукциясын өндүрүү жөнүндө маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү
БӨЖКД
Кыскартуулардын тизмеси:
САЧКӨМ – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги БӨЖКД – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти ВМЧӨЖТК – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы “Кыргыз балык чарбасы” МИ – “Кыргыз балык чарбасы” мамлекеттик ишканасы МБУ – Мергенчилердин жана балык уулоочулардын уюму СРК – Суу ресурстары кызматы ЖРЭТКМ – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги КМ – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ИИМ – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ЖАМК – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Агартуумин – Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги ИЖБИМ – Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Жер агенттиги – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ВДЭБ – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы Ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.