# 9-берене. Отчеттуулук

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5616/edition/35758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030204/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, 9-берене (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-9

---

1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча инвесторлор менен жолугушуу өткөргөндөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жолугушуунун жыйынтыктары жана жетишилген макулдашуулар жөнүндө маалымат берет.

2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары календардык жыл аяктагандан кийин 30 календардык күндөн кечиктирбестен инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчеттук жыл аяктагандан кийин 60 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентине жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына инвестициялык климаттын талдоосун жана Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты, буга кошуп учурдагы көйгөйлөрдү сыпаттоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды берет.

4. Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген форма боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын маалыматы берилет.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-10)
