# 34-берене. Инвестициялык макулдашууну түзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5616/edition/35758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030204/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, 34-берене (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-34

---

1. Инвестициялык макулдашуу конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында жана конкурсту өткөргөн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий сайттарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлөт.

2. Инвестициялык макулдашуу инвестор оң абройго, иштин окшош чөйрөсүндө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун уникалдуу билимине, тажрыйбасына ээ болгон, ишке ашырылып жаткан долбоорду каржылоонун булагы жөнүндө маалыматтар бар, тышкы иштер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана башкаруу үчүн жооп берген мамлекеттик органдын линиясы боюнча жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын линиясы боюнча инвестор жөнүндө маалыматы болгон шартта түзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-35)
