# 31-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кагышуусу менен инвестициялык макулдашуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5616/edition/35758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030204/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, 31-берене (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-31

---

1. Инвестициялык макулдашуу боюнча тараптар катары Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чыгууга укуктуу.

2. Инвестициялардын суммасына жараша инвестициялык макулдашуунун тарабы болуп төмөнкүлөр чыгат:

1) шаарлардын мэрияларын кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы - 1 миллиондон 50 миллион сомго чейин;

2) шаарлардын мэрияларын кошпогондо, эки жана андан ашык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы - 1 миллиондон 200 миллион сомго чейин;

3) Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, шаарлардын мэриялары - 1 миллиондон 300 миллион сомго чейин;

4) Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, эки жана андан ашык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, алардын ичинде шаардын мэриясы - 1 миллиондон 400 миллион сомго чейин;

5) Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - 1 миллиондон 1 миллиард сомго чейин;

6) министрлик же ведомство - 1 миллиондон 1 миллиард сомго чейин;

7) Министрлер Кабинети - 1 миллиард сом жана андан ашык.

3. Мында ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн босоголук суммалар ашып кеткен учурда, инвестициялык макулдашууга Министрлер Кабинетинин иш-аракеттерин түздөн-түз координациялоодо бир же бир нече мамлекеттик органдар/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышат.

4. Инвестор тарабынан түзүлгөн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуу салыктык, бажылык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган башка жеңилдиктерди жана преференциялардын берилишин белгилей албайт.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-32)
