# 30-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвестициялык макулдашууну түзүүдөгү иш-аракеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5616/edition/35758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030204/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, 30-берене (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-30

---

1. Мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвестициялык макулдашуу түзүлгөнгө чейин потенциалдуу инвестордун ишкердик аброюна, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча анын иш тажрыйбасына, ошондой эле ачык булактардан анын финансылык туруктуулугуна, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга алдын ала иликтөө жүргүзөт.

2. Мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ачык булактардан алынган маалымат жетишсиз болгон учурда тышкы иштер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдан, улуттук коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдан, ошондой эле инвестордон кошумча маалымат суратып алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-31)
