# 29-берене. Инвестициялык сунуштар жана инвестициялык долбоорлор боюнча конкурстар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5616/edition/35758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030204/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, 29-берене (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-29

---

1. Инвестициялык сунуш же инвестициялык долбоор боюнча инвесторду тандоо ачык конкурс өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.

2. Инвестициялык сунуш же долбоор боюнча эң жакшы шарттарды сунуш кылган инвестор ачык конкурстун жеңүүчүсү деп жарыяланат.

Мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ачык конкурстун жеңүүчүсү жөнүндө маалыматты өздөрүнүн расмий веб-сайттарында, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында жарыялайт.

3. Инвестициялык сунуштар же инвестициялык долбоорлор боюнча конкурсту өткөрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-30)
