# 27-берене. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду макулдашуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5616/edition/35758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030204/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, 27-берене (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-27

---

1. Мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары даярдалган инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга макулдашууга жиберет.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган келип түшкөн инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду берилген документтердин толуктугу жана ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келиши жагынан карайт.

Эгерде инвестициялык сунуштун долбоору же инвестициялык долбоор эки же андан көп мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясын козгосо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аны кароо үчүн ведомстволор аралык жумушчу топту түзүүгө укуктуу.

3. Инвестициялык сунуштарды кароо мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпайт, ал эми инвестициялык долбоорлорду кароо мөөнөтү 60 календардык күндөн ашпайт.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдүн чегинде макулдашуу жол-жобосунун алкагында аларды демилгелеген мамлекеттик органдардан жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан кошумча документтерди жана түшүндүрмөлөрдү сурап алууга укуктуу.

5. Инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган аларды макулдашат же болбосо себептерин негиздөө менен толуктап иштеп чыгууга кайтарат.

6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестициялык сунуштардын жана инвестициялык долбоорлордун реестрин жүргүзөт, алар милдеттүү түрдө анын расмий сайтына жайгаштырылат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-28)
