# 24-берене. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан инвестицияларды тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5616/edition/35758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030204/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, 24-берене (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-24

---

1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасындагы инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу боюнча ишти, анын ичинде Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу үчүн инвестициялык макулдашууларды (сунуштарды) жана долбоорлорду демилгелөө жана даярдоо, салык, бажы, жер жана алардын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча инвесторлорго тиешелүү маалымат берүү жолу менен жүзөгө ашырууга укуктуу.

2. Эгерде демилгеленген инвестициялык сунуш же инвестициялык долбоорду даярдоо башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын козгосо, мамлекеттик органдар жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары процесстерди оптималдаштыруу жана ресурстарды үнөмдөө, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу үчүн бири-бири менен өз ара аракеттенет.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-25)
