# 23-берене. Талаш-тартыштарды чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 апреля 2026 года № 46 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об инвестициях в Кыргызской Республике", "О третейских судах в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044174)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204#diff=35758..50992>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5616/edition/35758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030204/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, 23-берене (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-23

---

1. Инвестициялар менен байланышкан жана инвестордун Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишин жүзөгө ашырууда келип чыгуучу талаш-тартыштар (инвестициялык талаш-тартыш) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. Инвестициялык талаш-тартыш тараптардын макулдашуусу боюнча медиация аркылуу же болбосо талаш-тартышты сотко чейинки жөнгө салуунун башка макулдашылган ыкмалары менен жөнгө салынышы мүмкүн.

2. Эгерде инвестициялык талаш-тартыш ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте жөнгө салынбаса, инвестициялык талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын сот органдарында чечилет же колдонуудагы арбитраждык эскертмени камтыган тиешелүү жазуу жүзүндөгү макулдашуу болгон учурда, же бул талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык арбитражга берилген учурда арбитражда каралат.

(КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-24)
