# 22-берене. Инвесторлордун даттанууларын кароо механизми

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5616/edition/35758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030204/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, 22-берене (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-22

---

1. Инвестор мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерине жана/же аракетсиздигине карата компетенттүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сотко, бейтарап сотко же эл аралык арбитражга кайрылган учурга чейин даттанууга укуктуу.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде инвестордун даттануусун кароого жана инвестордун бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү жана аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чечимдерди кабыл алууга милдеттүү.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инвестордун даттануусун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык кызыкдар тараптар менен биргеликте төмөнкү принциптердин негизинде чечим кабыл алуу жолу менен карайт:

1) укук үстөмдүгү жана укуктук жол-жоболордун сакталышы;

2) объективдүүлүк;

3) калыстык;

4) толуктук;

5) натыйжалуулук.

3. Даттануулардын реестрин жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоо менен жүзөгө ашырылат.

4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары инвестордун даттануусун кароого, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талаптарына өз убагында жооп берүүгө, ал сураган маалыматты берүүгө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулган инвестордун даттануусун кароого катышууга милдеттүү.

5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары даттануу боюнча өз позициясын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы алынган учурдан тартып 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.

6. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталган учурда инвестордун даттануусун кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган андан ары чараларды көрүү үчүн маалыматты Министрлер Кабинетине жана/же Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүүгө укуктуу.

7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан инвесторлордун даттанууларын кароонун жана чечүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-23)
