# 19-берене. Ачык маалыматты эркин алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5616/edition/35758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030204/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, 19-берене (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-19

---

1. Инвесторлордун кызыкчылыгын кандайдыр бир жол менен козгогон Кыргыз Республикасынын бардык ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотторунун чечимдери аларга жеткиликтүү болууга, ап эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларда жарыяланууга тийиш.

2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тартиби жөнүндө колдонуудагы жана актуалдуу маалыматтарды расмий сайттарга ачык жайгаштырууга, ошондой эле инвесторлордун суроо-талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамдарга ылайык кеңири жеткиликтүүлүк үчүн ачык болгон аларды кызыктырган маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

3. Инвесторлор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору, анын ичинде инвестициялык ишти жөнгө салууга тиешелүү долбоорлор менен таанышууга жана ченемдик укуктук актылар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз сунуштарын берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-20)
