# 18-берене. Кирешелерди пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5616/edition/35758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030204/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, 18-берене (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-18

---

1. Инвестор өз инвестицияларын, ошондой эле инвестициялык иштен алынган кирешелерди жана пайдаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай болбосун максаттарда тоскоолдуксуз жана өз ыктыяры боюнча пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.

2. Инвесторлор түшкөн акчаларын жана башка каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук жана чет өлкөлүк валютада эсеп ачууга укуктуу. Валюталык операциялар инвесторлор тарабынан банк мыйзамдарына жана валюталык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-19)
