# 16-берене. Инвесторлордун экспроприациялоо учурундагы укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 апреля 2026 года № 46 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об инвестициях в Кыргызской Республике", "О третейских судах в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044174)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204#diff=35758..50992>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5616/edition/35758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030204/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, 16-берене (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-16

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, инвестициялар экспроприацияланууга тийиш эмес.

2. Инвестордун мүлкүн реквизициялоо табигый кырсыктар, авариялар, эпидемиялар жана эпизоотиялар сыяктуу өзгөчө кырдаалдар учурунда мамлекеттик органдардын чечими боюнча жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мүлктүн наркын милдеттүү түрдө төлөө менен жүзөгө ашырылат.

3. Инвестордун мүлкүн алып коюу, ошондой эле мүлктүн наркынын жана аны алып коюу менен келтирилген башка чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде соттун чечими боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Инвестордун мүлкүн кылмыш жасагандыгы үчүн бөгөт коюу чарасы катары конфискациялоо Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда соттун чечими боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Мыйзамдарда аныкталган коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн мүлктү алып коюуга ошол мүлктүн рыноктук наркынын жана ээликтен ажыратуунун натыйжасында келтирилген чыгымдардын ордун бирдей өлчөмдө толтуруу шартында гана жол берилет.

Стратегиялык маанидеги инвестициялык долбоорлор жана аны ишке ашырууга багытталган инвестициялар экспроприацияланбайт. Темир жол куруу стратегиялык маанилүү долбоор болуп саналат жана аны ишке ашырууга багытталган инвестициялар экспроприацияланууга тийиш эмес. (КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-17)
