# 14-берене. Инвестициялык макулдашууларга түз сүйлөшүүлөр жолу менен кол коюу жана инвестициялык макулдашуулардын алкагында мамлекеттик менчик объекттерин ээликтен ажыратуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 апреля 2026 года № 46 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об инвестициях в Кыргызской Республике", "О третейских судах в Кыргызской Республике")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044174)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204#diff=35758..50992>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5616/edition/35758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030204/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, 14-берене (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-14

---

1. Эгерде инвестор инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун демилгечиси болсо, Министрлер Кабинети экономиканын артыкчылыктуу тармактарын жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларына ылайык инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык макулдашуу түзүүгө укуктуу.

Эгерде макулдашуунун суммасы ушул Мыйзамдын 31-беренесинде белгиленген талаптарга ылайык келсе жана инвестор иштин ушул сыяктуу чөйрөсүндө долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу тажрыйбасына ээ болсо, инвестициялык макулдашуу Министрлер Кабинетинин жана инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлүшү мүмкүн.

2. Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен инвестициялык макулдашууну түзүүнүн тартиби жана башка шарттары ушул беренеге ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында жер тилкелерин чет өлкөлүк жактарга өткөрүп берүү жагын караган учурларды кошпогондо, мамлекеттик менчик объекттерин ээликтен ажыратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын тармактык мыйзамдарында ээликтен ажыратууга тыюу салуу белгиленбеген мамлекеттик менчик объекттери Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун шарттарына ылайык ээликтен ажыратылышы мүмкүн.

Мындай инвестициялык макулдашуунун негизги шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:

- баалоо иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көз карандысыз баалоонун натыйжалары боюнча аныкталган рыноктук наркы боюнча инвесторго мамлекеттик менчик объектин ээликтен ажыратуу;

- инвестициялык макулдашууда инвестициялык долбоордун максаттарына жетүү үчүн ээликтен ажыратылуучу мамлекеттик менчик объектин ээликтен ажыратуу жана андан ары инвестор тарабынан пайдалануу ыкмасын аныктоо;

- инвестициялык макулдашуу толук ишке ашырылганга чейин ээликтен ажыратылуучу мамлекеттик менчик объекти инвестор тарабынан ээликтен ажыратылышына тыюу салуу;

- инвестициялык макулдашууда инвестор макулдашууда каралган өз милдеттенмелерин аткарбаган учурда объектти мамлекеттик менчикке кайтарып берүү тартибин аныктоо.

5. Ушул берененин жоболорунун алкагында Министрлер Кабинети тарабынан инвесторлор менен түзүлүүчү инвестициялык макулдашуулар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик) менен милдеттүү түрдө алдын ала макулдашылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аталган инвестициялык макулдашууларды даярдоодо, кароодо жана түзүүдө мамлекеттик органдардын жана инвестициялык процесстин башка катышуучуларынын иш-аракеттерин координациялоону жүзөгө ашырат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Министрлер Кабинети менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын борборлоштурулган реестрин жүргүзөт, анын актуалдуулугун камсыз кылат жана белгиленген тартипте түзүлгөн макулдашуулар жөнүндө маалымат берет. (КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-15)
