# 10-берене. Инвестициялар жана жеке бизнести башкаруу эркиндиги

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августундагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5616/edition/35758/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030204/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө, 10-берене (08.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-10

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштердин түрлөрүн кошпогондо, инвестициялар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында иштин бардык түрлөрүндө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Ар бир инвестор өз компаниясын түзүү, башкаруу жана ишин токтотуу маселелеринде укуктарга жана эркиндиктерге ээ. Бул эркиндик анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана эмгек маселелерин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерге ылайык кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын атынан чарбалык ишке, инвесторлордун укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына кийлигишүүдөн карманат.

4. Инвесторлордун бузулган укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эл аралык келишимдерге жана инвестициялык макулдашууларга ылайык калыбына келтирилүүгө тийиш.

5. Инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган адам Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

6. Улуттук инвестор Кыргыз Республикасынын жарандык жана бюджеттик мыйзамдарына ылайык зайымдык каражаттарды тартуу боюнча Министрлер Кабинетинин финансылык милдеттенмелерин алууга укуктуу.

7. Чет өлкөлүк инвестор Министрлер Кабинети менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуулардын алкагында Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген шарттарга жана тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зайымдык каражаттарды тартуу боюнча Министрлер Кабинетинин финансылык милдеттенмелерин алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030204/st-11)
