Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-августу № 489
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, сапатын камсыз кылуу жана мөөнөттөрүн кыскартуу, объекттерди куруу жана капиталдык оңдоо жаатындагы стратегиялык маанилүү долбоорлорду аткарууну тездетүү, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 19-июнундагы № 307 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”;
2) жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”;
3) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”;
4) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”;
5) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 17-июлундагы № 396 “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
– 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
“16) мамлекеттик (муниципалдык) уюмдар жана мекемелер үчүн объекттерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткаруу.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Жалал-Абад көчмө механизациялаштырылган отряды” мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Устав · 19.06.2023 · № 307
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Талас көчмө механизациялаштырылган отряды” мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Устав · 19.06.2023 · № 307
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды” мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Устав · 19.06.2023 · № 307
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Ош борбору” мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз Республикасынын…Устав · 19.06.2023 · № 307
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Нарынкурулуш" мамлекеттик ишканасынын Уставы (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-июлундагы № 396 токтомуна)Устав · 17.07.2024 · № 396
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Аймактарды коргоо боюнча региондор аралык борбор” мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз Республикасынын…Устав · 19.06.2023 · № 307
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июну № 307 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке…Постановление · 19.06.2023 · № 307
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен 2024-жылдын 17-июлундагы № 396 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 17.07.2024 · № 396