# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030150)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 13-августундагы № 199 "Кыргыз Республикасынын айрым Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030150/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5615/edition/35690/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030150/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (13.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030150/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 213-4-берене менен толукталсын:

"213-4-берене. Ысык-Көл көлүнүн пляждык зоналарын адистештирилген техниканы колдонуу менен катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоону өз убагынан кечиктирип, сапатсыз жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик

1. Пляждык зоналарды адистештирилген техниканы колдонуу менен катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоо жүргүзүүнүн талаптарын бузуу -

жеке жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

2) 457-беренеде "213-3, 213-1, 213-2" деген цифралар "213-1, 213-2, 213-3, 213-4" деген цифраларга алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030150/st-22)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030150/st-3)
