2-берене
Күчүндө · 13.08.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 213-4-берене менен толукталсын:
"213-4-берене. Ысык-Көл көлүнүн пляждык зоналарын адистештирилген техниканы колдонуу менен катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоону өз убагынан кечиктирип, сапатсыз жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик
1. Пляждык зоналарды адистештирилген техниканы колдонуу менен катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоо жүргүзүүнүн талаптарын бузуу -
жеке жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
2) 457-беренеде "213-3, 213-1, 213-2" деген цифралар "213-1, 213-2, 213-3, 213-4" деген цифраларга алмаштырылсын.
Берененин тексти 13.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030150/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>