# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 13-августундагы № 199 "Кыргыз Республикасынын айрым Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 13-августундагы № 199 "Кыргыз Республикасынын айрым Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5615/edition/35690/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 13-августундагы № 199 "Кыргыз Республикасынын айрым Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (13.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030150

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 13-августу № 199

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030150/st-1)

"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030150/st-22)

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү бөлүктөр менен толукталсын: "Рекреация объекттерин эксплуатациялоочу менчик ээлери же ижарачылар, чарбачылык жана башка иштердин субъекттери адистештирилген техниканы колдонуу менен пляждык зоналарды катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоону жүргүзүүгө милдеттүү. Пляждык зоналарды катуу тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоонун аткарылышын жана аларды адистештирилген техниканы колдонуу менен ташып чыгарууну контролдоо айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030150/st-2)

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 213-4-берене менен толукталсын:

"213-4-берене. Ысык-Көл көлүнүн пляждык зоналарын адистештирилген техниканы колдонуу менен катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоону өз убагынан кечиктирип, сапатсыз жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик

1. Пляждык зоналарды адистештирилген техниканы колдонуу менен катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоо жүргүзүүнүн талаптарын бузуу -

жеке жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

2) 457-беренеде "213-3, 213-1, 213-2" деген цифралар "213-1, 213-2, 213-3, 213-4" деген цифраларга алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030150/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 15-августундагы № 61 (3717) саны менен жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 25-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
