# 9-берене

- Документ: [Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-августундагы № 195 "Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030137/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5614/edition/35677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030137/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 9-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030137/st-9

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 108-1-берене менен толукталсын:

"108-1-берене. Тил жөнүндө мыйзамдарды бузуу

1. Ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган укук бузууларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын тил жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу же аткарбоо -

юридикалык жактарга эскертүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, эскертүү берилгенден кийин бир жыл ичинде кайталап жасалса, -

юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында тил билүүгө карата жеке адамдар үчүн белгиленген талаптарга жайылтылбайт.";

2) төмөнкүдөй мазмундагы 466-1-берене менен толукталсын:

"466-1-берене. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу орган Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 108-1-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын колдонот.".

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137/st-10)
