Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене
Күчүндө · 09.08.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 108-1-берене менен толукталсын:
"108-1-берене. Тил жөнүндө мыйзамдарды бузуу
1. Ушул Кодекстин 107-беренесинде каралган укук бузууларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын тил жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын бузуу же аткарбоо -
юридикалык жактарга эскертүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган жосун, эскертүү берилгенден кийин бир жыл ичинде кайталап жасалса, -
юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Эскертүү. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында тил билүүгө карата жеке адамдар үчүн белгиленген талаптарга жайылтылбайт.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 466-1-берене менен толукталсын:
"466-1-берене. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу орган Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Кодекстин 108-1-беренесинде каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана жаза чараларын колдонот.".
Берененин тексти 09.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030137/st-9" title="9-берене - Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>