# 4-берене

- Документ: [Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-августундагы № 195 "Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030137/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5614/edition/35677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030137/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030137/st-4

---

"Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 412-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 35-2-статьянын 2-пунктунда:

а) 2-пунктчада "кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик жана/же расмий тилде толук ачып берүү камсыз кылынууга тийиш" деген сөздөр "мамлекеттик тилде жана кардар менен макулдашуу боюнча расмий тилде толук ачып берүү камсыз кылынууга тийиш, ошондой эле зарыл болгон учурда маалымат башка тилге которулушу мүмкүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 6-пунктчанын экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Келишимдин тексти мамлекеттик тилде түзүлөт жана расмий тилге которулушу мүмкүн, зарыл болгон учурда келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн;".

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137/st-5)
