# 2-берене

- Документ: [Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-августундагы № 195 "Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030137/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5614/edition/35677/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030137/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030137/st-2

---

"Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-берененин 3-бөлүгүндө "жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат" деген сөздөр "жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча жарнама мамлекеттик тилде гана таратылышы мүмкүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 14-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "ошондой эле автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аймактык бөлүм менен" деген сөздөр "автомобиль жолдоруна бөлүнгөн тилкеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аймактык бөлүм, ошондой эле сырткы жарнаманын тексти тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жана орфографиянын эрежелерине ылайык келүүсү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137/st-8)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030137/st-3)
