# Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 13-августу № 210 "Окуу кабинеттерин уюштуруу үчүн турак эмес жайды муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 13-августу № 210 "Окуу кабинеттерин уюштуруу үчүн турак эмес жайды муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030096>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43559/edition/35630/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030096.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 13-августу № 210 "Окуу кабинеттерин уюштуруу үчүн турак эмес жайды муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (13.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030096

---

БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2025-жылдын 13-августу № 210

Окуу кабинеттерин уюштуруу үчүн турак эмес жайды муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Мектептик жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 969-VII «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, мыйзамсыз ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен имараттарды, орун жайларды, курулмаларды жана жер участокторун кайра кайтаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жүргүзүп жаткан иши жөнүндө» токтомун, Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү боюнча ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун эске алып, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтом кылам:

1. № 67 жалпы билим берүү мекемесинде окуу кабинеттерин уюштуруу үчүн Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 16 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду: 1-03-07-0040-0514-02, жалпы аянты 751,2 чарчы метр турак эмес жайды Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы белгиленген тартипте:

- муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Мэр

А.Дж. Джунушалиев
