Бишкек шаарынын мэриясынын «Окуу кабинеттерин уюштуруу үчүн турак эмес жайды муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-августу № 210
Окуу кабинеттерин уюштуруу үчүн турак эмес жайды муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Мектептик жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 969-VII «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, мыйзамсыз ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен имараттарды, орун жайларды, курулмаларды жана жер участокторун кайра кайтаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жүргүзүп жаткан иши жөнүндө» токтомун, Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү боюнча ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун эске алып, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтом кылам:
1. № 67 жалпы билим берүү мекемесинде окуу кабинеттерин уюштуруу үчүн Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 16 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду: 1-03-07-0040-0514-02, жалпы аянты 751,2 чарчы метр турак эмес жайды Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы белгиленген тартипте:
- муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мэр
А.Дж. Джунушалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.