2-берене
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин түзүлгөн жана иштеп жаткан эркин экономикалык зоналар белгиленген тартипте өз ишин улантат;
2) мыйзамдарда аныкталган эркин экономикалык зоналардын колдонуудагы чек аралары эркин экономикалык зоналардын чек араларын аныктаган мыйзамдарга бир эле убакта белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүгө тийиш.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө:
1) мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2025-жылдын 26-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030092/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>