# Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августу № 197 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августу № 197 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 12.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030092>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230030092/edition/35620/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030092.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-августу № 197 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030092

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2025-жылдын 12-августу № 197

"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030092/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 8-беренеде:

а) 1 жана 2-бөлүктөрдө "мыйзамды кабыл алуу менен", "мыйзам кабыл алуу менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. ЭЭЗ чек аралары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана өзгөртүлөт.";

в) 4-бөлүктө "мыйзам кабыл алуу менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;

г) 5-бөлүктө "мыйзам" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 10-берененин 10-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана" деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030092/st-2)

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин түзүлгөн жана иштеп жаткан эркин экономикалык зоналар белгиленген тартипте өз ишин улантат;

2) мыйзамдарда аныкталган эркин экономикалык зоналардын колдонуудагы чек аралары эркин экономикалык зоналардын чек араларын аныктаган мыйзамдарга бир эле убакта белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүгө тийиш.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө:

1) мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;

2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2025-жылдын 26-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
