# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030075)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030075/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5611/edition/35612/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030075/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030075/st-2

---

Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын сотторунун өндүрүшүндө турган материалдарды кароо Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 80-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3 жана 4-пункттарына жана 6-бөлүгүнө ылайык ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин токтотулат;

2) ушул Мыйзам күчүнө кирген учурга карата биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек чечимдери жана мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 452-беренесине ылайык каралууга тийиш;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жатак-абактарында жазасын өтөп жаткан соттолгондорго карата материалдарды кароодо Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 435-беренесине ылайык материалдык зыяндын ордун толтуруу мөөнөттөрүн белгилөө менен, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 88 жана 89-беренелеринде каралган ченемдерди кошпогондо, колдонуудагы мыйзамдардын алкагында шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030075/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030075/st-3)
