# 5-берене

- Документ: [Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5612/edition/35610/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030073/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (28.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-5

---

"Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 28-февралы № 15) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-беренеде:

а) 1-пункттун "а" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"- экстремисттик материалдарды сактоо;";

б) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7) эскертме - экстремисттик багыттагы кылмыштардын белгилери жок болгондо экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата чыгарылуучу, экстремисттик материалдарды жайылтуунун жана экстремисттик ишти жүргүзүүнүн жол берилбестигин көрсөтүүчү расмий документ. Эскертменин формасы жана аны чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";

2) 11-беренеде "жайылтуу максатында" деген сөздөр алып салынсын;

3) 17-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-6)
