# 4-берене

- Документ: [Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5612/edition/35610/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030073/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 4-берене (28.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 17-глава төмөнкүдөй мазмундагы 142-1-берене менен толукталсын:

"142-1-берене. Экстремисттик материалдарды сактоо Экстремисттик материалдарды сактоо, эгерде бул аракеттерде кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган квалификациялык белгилер камтылбаса, - жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет."; Эскертүү. Ушул беренеде каралган укук бузууну жасаган адам, экстремисттик материалдарды сактаган фактысы жөнүндө укук коргоо органдарына ыктыярдуу билдирген учурда жоопкерчиликтен бошотулат. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан экстремисттик материалдарды пайдаланууга, анын ичинде сактоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматтык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда жол берилет. Экстремисттик материалдарды сактоо мыйзамдуу кесиптик же кызматтык ишти, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылуучу илимий, окуу же эксперттик максаттарда жүзөгө ашыруу менен шартталган учурларда ушул берене колдонулбайт.";

2) 456-берененин биринчи абзацы "142-берененин 1, 3-8-бөлүктөрү," деген сөздөрдөн кийин "142-1-беренеси," деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-5)
