# 2-берене

- Документ: [Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5612/edition/35610/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030073/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (28.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 331-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

2) 332-берененин 1-бөлүгүндө:

а) биринчи абзац "Интернет тармагы" деген сөздөрдөн кийин "же жалпыга маалымдоо каражаттары" деген сөздөр менен толукталсын;

б) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";

3) 41-глава төмөнкүдөй мазмундагы 332-1-берене менен толукталсын:

"332-1-берене. Экстремисттик материалдарды сактоо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн ага карата бир жыл ичинде жаза чарасы салынган адамдын экстремисттик материалдарды сактоосу - үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-3)
