# 1-берене

- Документ: [Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 160
- Кабыл алынган күнү: 28.07.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5612/edition/35610/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030073/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (28.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 25-1-главанын аталышы "зарылдыгын негиздеген же актаган" деген сөздөрдөн кийин "юридикалык жактарды, башка уюмдарды же" деген сөздөр менен толукталсын;

2) 261-1-берененин 1-бөлүгү "зарылдыгын негиздеген же актаган" деген сөздөрдөн кийин "юридикалык жактарды, башка уюмдарды же" деген сөздөр менен толукталсын;

3) 261-2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Арыз келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурлар болсо, алар боюнча чечим он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат.";

4) 261-3-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими жарыялоо жана сот тарабынан экстремисттик жана террористтик деп табылган маалыматтык материалдардын жана уюмдардын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030073/st-2)
