# Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 44 "2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 44 "2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 25.06.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030066>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43534/edition/35598/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030066.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 44 "2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому (25.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030066

---

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 25-июну № 44

2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы 1-, 2-, 3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү 1-3 тиркемелери)

2. Бишкек шаарынын мэриясы:

- 2026-2028-жылдарга Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыздасын;

- Бишкек шаардык кеңешине 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчёт берсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

Б. Усеналиев
