Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 „Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-июлу № 461
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 "Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 "Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун 3-пунктчасы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу" деген сөздөрдөн кийин "жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 2-пункт "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу" деген сөздөрдөн кийин "жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 3-пункттун 4-пунктчасы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу" деген сөздөрдөн кийин "жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 4-пункттун биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу" деген сөздөрдөн кийин "жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
5) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
- "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим фонду аркылуу" деген сөздөрдөн кийин "жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-февралындагы № 64 "Илимий жана илимий-техникалык уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана штаттык саны…Постановление · 07.02.2025 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122