# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 475 "Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 475 "Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 475
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030040>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43514/edition/35561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030040.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 475 "Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030040

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 6-августа № 475

Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Чет мамлекеттик аскердик окуу жайларга тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана аскер кызматчыларынын ичинен талапкерлерди сапаттуу тандоо максатында, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Чет мамлекеттик аскердик-билим берүү уюмдарында билим алуу үчүн конкурстук тандоодон өтүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 “Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 98 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 “Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 137 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 “Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июнундагы № 313 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-июнундагы № 347 “Чет мамлекеттик аскер окуу жайларында билим алуу үчүн конкурстук тандоону өтүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 12-августунда № 60 (3716) жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
