# Ж. Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин “Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө” токтому

- Толук аталышы: Ж. Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин “Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө” токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4-2
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43503/edition/35553/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ж. Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин “Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө” токтому (19.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030031

---

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 4- сессиясы

ТОКТОМ

19.02.2025ж. № 4-2 .

“Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы №122 “2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” токтому, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 23-апрелиндеги №81 тескемесинин негизинде “Бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу” боюнча комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:

1. Ж.Абдрахманов айыл аймагында 2025-жылы айыл чарбасын каттоого даярдык

көрүү жана өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен – 285,0миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Токтомду аткаруу жагы Ж.Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы

Б.Байгазаковко жана финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы З.Аттоевага милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу” боюнча комиссиясына тапшырылсын.

Төрага А.Ш.Кыштобаев
