# 343-берене. Валидация

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 8-августу № 192 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030020/st-343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5610/edition/35548/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030020/st-343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 343-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030020/st-343

---

1. Соттук-эксперттик изилдөөнүн усулдары жана ыкмалары Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү саясатты жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн ыкмаларын жана усулдарын валидациялоо тартибине ылайык валидациялоодон өтүүгө тийиш.

2. Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн ыкмаларын жана усулдарын валидациялоо тартиби ыкмалардын жана усулдардын ар бир тиби үчүн валидациялык изилдөөлөрдүн жалпы көлөмүн, жалпы уюштурууну, валидациялоо жол-жоболорун, алынган жыйынтыктарды статистикалык иштеп чыгууну жана валидация жөнүндө отчетко карата жалпы талаптарды, сандык, сапаттык, идентификациялык жана диагностикалык соттук-эксперттик усулдарды валидациялоо жөнүндө оң же терс тыянакты таануу критерийлерин аныктайт.".

---

Мурунку берене: [342-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020/st-342)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020/st-2)
