Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
236-берене. Этика боюнча комиссия
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы
1. Этика боюнча комиссия ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселелерди кароо боюнча Соттук эксперттер палатасынын кеңешине көз карандысыз орган болуп саналат.
Этика боюнча комиссия 5 мүчөдөн үч жылдык мөөнөткө шайланат. Мында соттук эксперт - этика боюнча комиссиянын мүчөсү соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө беш жылдан кем эмес стажга ээ болууга тийиш. Этика боюнча комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Соттук эксперттер палатасынан үч өкүл;
- соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө саясат жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эки өкүлү.
Этика боюнча комиссия өзүнүн курамынан төраганы жашыруун добуш берүү аркылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт. Бир эле адам этика боюнча комиссиянын мүчөлүгүнө катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
2. Соттук эксперттер - этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү этика боюнча комиссиядагы ишин негизги иши менен айкалыштыра алышат. Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрү бир эле убакта Соттук эксперттер палатасынын кеңешинин мүчөсү боло албайт.
3. Этика боюнча комиссиянын жыйналышы комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышканда укуктуу болуп эсептелет.
4. Этика боюнча комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн соттук эксперттин милдеттерин жана соттук эксперттин этикасын бузгандыгы боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо;
2) тартиптик практиканы жалпылоо;
3) ушул Мыйзамга ылайык башка маселелер.
5. Этика боюнча комиссия арызды, даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификатынын колдонулушун токтото туруу, токтотуу же болбосо ажыратуу боюнча маселени кароо жөнүндө чечим (сунуштама) чыгарат, ал мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссияга жиберилет.
6. Этика боюнча комиссиянын чечими анын жыйналышына катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Этика боюнча комиссиянын жыйналышынын протоколуна жыйналышка катышкан комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
7. Мамлекеттик эмес соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификатынын колдонулушун токтото туруу, токтотуу же болбосо ажыратуу этика боюнча комиссиянын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн Мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Этика боюнча комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, анын ордун Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн съездинде бекитилген резервдик тизмеде турган кезек боюнча кийинки талапкер ээлейт.
Этика боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн резервдик тизмеси этика боюнча комиссия шайланган мөөнөткө түзүлөт.
9. Соттук эксперттер палатасынын мүчөсүнүн аракеттерине карата даттанууларды этика боюнча комиссиянын кароо тартиби Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн съезди тарабынан бекитилүүчү Этика боюнча комиссия жөнүндө жобо менен регламенттелет.";
8) 25-беренеде:
а) 5-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Кошумча жана кайталап соттук экспертизаларды жүргүзүүнү экспертке (эксперттерге) тапшырууда мурдагы экспертизалардын корутундулары берилүүгө тийиш.";
9) 26-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Комиссиянын курамына кирген соттук эксперттердин ишин координациялоо үчүн соттук экспертиза органынын жетекчиси же экспертиза дайындоонун демилгечиси эксперт-координаторду дайындайт. Эксперт-координатор соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн жалпы планын иштеп чыгууну жүзөгө ашырат, соттук экспертизаны жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтүнүн чегинде айрым изилдөөлөрдү жүргүзүү мөөнөттөрүн аныктайт жана алардын сакталышын контролдойт, соттук экспертизаны дайындаган орган (жак) менен байланышты жүзөгө ашырат, соттук эксперттердин кеңешмесин жетектейт.";
10) 34-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34-берене. Соттук-эксперттик ишти уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдардын ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.";
11) төмөнкүдөй мазмундагы 341 - 343-беренелер менен толукталсын:
"341-берене. Соттук-эксперттик ишти илимий-усулдук жактан камсыз кылуу
1. Соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификатын алууга талапкер болгон, соттук экспертиза органдарынын кызматкерлери болуп саналбаган адамдар соттук экспертиза органдарында, окуу жана башка уюмдарда тиешелүү эксперттик адистик боюнча атайын кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтөт.
2. Соттук-эксперттик ишти илимий-усулдук жактан камсыз кылуу, ошондой эле соттук эксперттерди кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Соттук эксперттер палатасынын катышуусу менен соттук экспертиза чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030020/st-236" title="236-берене - Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>