# 233-берене. Соттук эксперттер палатасынын уставы

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 8-августу № 192 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030020/st-233>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5610/edition/35548/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030020/st-233.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 233-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030020/st-233

---

1. Соттук эксперттер палатасынын уставында төмөнкүлөр каралууга тийиш:

1) фирмалык аталышы, жайгашкан жери жана ишинин негизги түрлөрү;

2) Соттук эксперттер палатасынын максаттары, милдеттери жана функциялары;

3) башкаруу органдарын түзүү тартиби жана ыйгарым укуктары;

4) Соттук эксперттер палатасына кирүү шарттары жана тартиби;

5) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;

6) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу тартиби;

7) Соттук эксперттер палатасынын мүлкүн түзүү жана пайдалануу тартиби;

8) уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;

9) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө тартиби;

10) чыгымдар сметасы боюнча отчет берүү тартиби;

11) аймактык өкүлчүлүктөрдү, башкаруу органдарын түзүүнүн, иштөөсүнүн тартиби, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары;

12) Соттук эксперттер палатасынын этика боюнча комиссиясын түзүү тартиби жана ыйгарым укуктары;

13) Соттук эксперттер палатасын кайра уюштуруу жана жоюу тартиби.

2. Соттук эксперттер палатасынын уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [232-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020/st-232)  
Кийинки берене: [234-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020/st-234)
