233-берене. Соттук эксперттер палатасынын уставы
Күчүндө · 08.08.2025 редакциясы
1. Соттук эксперттер палатасынын уставында төмөнкүлөр каралууга тийиш:
1) фирмалык аталышы, жайгашкан жери жана ишинин негизги түрлөрү;
2) Соттук эксперттер палатасынын максаттары, милдеттери жана функциялары;
3) башкаруу органдарын түзүү тартиби жана ыйгарым укуктары;
4) Соттук эксперттер палатасына кирүү шарттары жана тартиби;
5) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
6) Соттук эксперттер палатасынын мүчөлөрүнүн квалификациясын жогорулатуу тартиби;
7) Соттук эксперттер палатасынын мүлкүн түзүү жана пайдалануу тартиби;
8) уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби;
9) мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө тартиби;
10) чыгымдар сметасы боюнча отчет берүү тартиби;
11) аймактык өкүлчүлүктөрдү, башкаруу органдарын түзүүнүн, иштөөсүнүн тартиби, ошондой эле алардын ыйгарым укуктары;
12) Соттук эксперттер палатасынын этика боюнча комиссиясын түзүү тартиби жана ыйгарым укуктары;
13) Соттук эксперттер палатасын кайра уюштуруу жана жоюу тартиби.
2. Соттук эксперттер палатасынын уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка жоболорду да камтышы мүмкүн.
Берененин тексти 08.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
233-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230030020/st-233" title="233-берене - Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>