# 1-берене

- Документ: [Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 8-августу № 192 "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030020/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5610/edition/35548/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030020/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (08.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030020/st-1

---

"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 6, 638-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Соттук-эксперттик изилдөөнүн ыкмасы - соттук экспертизанын предметине тиешелүү иш жүзүндөгү маалыматтарды аныктоо үчүн соттук экспертизанын объекттерин иликтөөдө колдонулуучу логикалык жана (же) инструменталдык операциялардын (жолдордун, ыктардын) системасы. Соттук-эксперттик изилдөөнүн усулу - соттук экспертизанын предметине тиешелүү иш жүзүндөгү маалыматтарды аныктоо үчүн соттук экспертизанын объекттерин иликтөөдө колдонулуучу ыкмалардын системасы. Валидация - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлүүчү соттук-эксперттик изилдөөнүн ыкмаларын жана усулдарын пайдалануунун жарактуулугун баалоо.";

2) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11-берене. Соттук-эксперттик иш

1. Соттук-эксперттик иш мамлекеттик жана мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар, ошондой эле мамлекеттик эмес соттук эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Соттук-эксперттик иш төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук экспертизаларды жүргүзүүнү;

2) соттук экспертиза жана илимий-усулдук жактан камсыз кылуу жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү;

3) соттук экспертизанын теориясын жана практикасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын түзүүнү;

4) соттук эксперттин ведомстволук таандыктыгына карабастан эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүүдө бирдиктүү усулдук мамилени иштеп чыгууну жана камсыз кылууну.";

3) 13-беренеде:

а) 1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;

б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Соттук-эксперттик иштер негизги иши болуп саналган уюмдар мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар болуп таанылат. Соттук-эксперттик уюмдун штатында алар үчүн бул негизги иш орду болуп саналган жана алардын квалификациясынын деңгээли белгиленген тартипте берилген компетенттүүлүк сертификаты менен ырасталган эксперттер турууга тийиш. Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же эл аралык стандарттарга шайкештигин аныктоого ыйгарым укуктуу болгон башка органдар (уюмдар) тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылуучу соттук экспертиза чөйрөсүндөгү сапат стандарттарына ылайык келүүгө шайкештиги боюнча аккредитациядан ыктыярдуу негизде өтүүгө укуктуу. Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдар тарабынан гана жүргүзүлүүчү экспертизалардан тышкары, соттук экспертизалардын бардык түрлөрүн жүргүзөт. Мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдар жарылуучу техникага экспертиза, баңгизат каражаттарына, психотроптук заттарга жана прекурсорлорго экспертиза жүргүзбөйт.";

4) 14-беренеде:

а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Соттук эксперт катары төмөнкүлөр чыга алат:

1) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу тартибинде соттук экспертизаны жүргүзүүчү соттук-эксперттик уюмдун (мамлекеттик жана мамлекеттик эмес) кызматкери;

2) соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификаты бар соттук-эксперттик уюмдардан тышкары жеке иш жүргүзгөн жеке жактар;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук экспертизаны жүргүзүү үчүн бир жолку тартипте тартылган башка жактар.

Статусу тиешелүү башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталган укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүнүн эксперттерин кошпогондо, мамлекеттик соттук эксперт мамлекеттик кызматчы болуп саналбайт.";

б) 3-бөлүктө:

- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Соттуулугу бар адамдар, анын жоюлганына же алып салынганына карабастан, соттук эксперт катары тартыла албайт.";

- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

5) 15-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15-берене. Экспертке карата коюлуучу кесиптик жана квалификациялык талаптар

1. Атайын илимий билимге ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан экспертиза жүргүзүү үчүн берилген өзүнүн квалификациясын ырастоочу компетенттүүлүк сертификаты бар Кыргыз Республикасынын жараны же чет өлкөлүк жаран эксперт боло алат.

2. Мамлекеттик соттук-эксперттик уюмдарда эксперттин кызмат ордун жогорку кесиптик билими бар жана конкреттүү эксперттик адистик боюнча кийинки атайын даярдыктан өткөн жаран ээлей алат.

3. Эксперттердин кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктоо мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат. Эксперттердин кесиптик даярдыгынын деңгээли аталган комиссиялар тарабынан ар бир 5 жылда кайра каралып турууга тийиш.";

6) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"18-берене. Соттук эксперттердин мамлекеттик реестри

1. Соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн тиешелүү сертификаты бар адамдар жөнүндө маалыматтар Соттук эксперттердин мамлекеттик реестрине киргизилет, аны түзүүнүн жана пайдалануунун максаттары, тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Соттук эксперттин компетенттүүлүгүнүн сертификатынын колдонулушун токтото туруу, токтотуу жана ажыратуу жөнүндө маалыматтар Соттук эксперттердин мамлекеттик реестрине киргизилет.";

7) төмөнкүдөй мазмундагы 21-глава менен толукталсын:

"21-глава. Кыргыз Республикасынын Соттук эксперттер палатасы

---

Кийинки берене: [231-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230030020/st-231)
