# Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-апрели № 4 Ала-Тоо айыл аймагынын Барак айылынын башкы планынын негизинде жарандарды жайгаштыруу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-апрели № 4 Ала-Тоо айыл аймагынын Барак айылынын башкы планынын негизинде жарандарды жайгаштыруу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 15.04.2024
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.04.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030015>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43492/edition/35538/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.04.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 15-апрели № 4 Ала-Тоо айыл аймагынын Барак айылынын башкы планынын негизинде жарандарды жайгаштыруу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө токтому (15.04.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030015

---

АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз биринчи сессиясы

2024-жылдын 15-апрели № 4

Ала-Тоо айыл аймагынын Барак айылынын башкы планынын негизинде жарандарды жайгаштыруу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 117 тескемесинин 5-пункттун жетекчиликке алып, Барак айылына түзүлгөн башкы планга жарандардын түзүлгөн тизмесине ылайык жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бекитип берүү максатында ,айылдык кенештин сессиясы Токтом кылат:

1.Ала-Тоо айыл аймагынын Барак айылынын түзүлгөн тизмеге ылайык 97 жаранга бериле турган жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бекитип берүү боюнча айыл өкмөтүнүн комиссия курамы түзүлсүн.

2.Комиссия мүчөлөрү такталган 97 жаранга турак жай куруу үчүн которулган жерден башкы пландын негизинде мыйзамга ылайык айыл өкмөт тарабынан токтом чыгарып берүү жагы тапшырылсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы:

С.П.Машрапов
