Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин Ала-Тоо айыл аймагынын Барак айылынын башкы планынын негизинде жарандарды жайгаштыруу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
АЛА-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ала-Тоо айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз биринчи сессиясы
2024-жылдын 15-апрели № 4
Ала-Тоо айыл аймагынын Барак айылынын башкы планынын негизинде жарандарды жайгаштыруу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 117 тескемесинин 5-пункттун жетекчиликке алып, Барак айылына түзүлгөн башкы планга жарандардын түзүлгөн тизмесине ылайык жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бекитип берүү максатында ,айылдык кенештин сессиясы Токтом кылат:
1.Ала-Тоо айыл аймагынын Барак айылынын түзүлгөн тизмеге ылайык 97 жаранга бериле турган жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бекитип берүү боюнча айыл өкмөтүнүн комиссия курамы түзүлсүн.
2.Комиссия мүчөлөрү такталган 97 жаранга турак жай куруу үчүн которулган жерден башкы пландын негизинде мыйзамга ылайык айыл өкмөт тарабынан токтом чыгарып берүү жагы тапшырылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Ала-Тоо айылдык кеңештин төрагасы:
С.П.Машрапов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.