# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 490
- Кабыл алынган күнү: 13.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030008>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230030008/edition/35531/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030008.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-августундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтому (21.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030008

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 13-августу № 490

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө

(Кабинета Министров Кыргызской Республики от 13 декабря 2023 года № 675, 21 сентября 2026 года № 633 )

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 25-октябрындагы № 304 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.

2. (Утратил силу в соответствии с постановлением Кабинета Министров КР от 21 сентября 2026 года № 633)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кээ бир маселелери жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 5, 7-пунктчалары;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 245 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө” токтомунун 9-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 116 “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу маселелери жөнүндө” токтомунун 2-пункту.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын иши токтотулган учурдан тартып күчүнө кирүүчү 3-пунктун кошпогондо, ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 15-августундагы № 61 (3717) саны менен жарыяланды

| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
