# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 3077-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 3077-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3077-VII
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230030005>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16559/edition/35527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230030005.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 3077-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230030005

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 30-апрели № 3077-VII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 46-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын жана саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиянын курамдарынан чыгарылсын.

2. "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 10-февралындагы № 58-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамына киргизилсин.

Төраганын орун басары

Н.А. Азыгалиев
