# Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 25 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 25 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029995>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-43482/edition/35499/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029995.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 25 "Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө" токтому (21.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029995

---

КЫЗЫЛ-ДЫЙКАН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 21-сентябры № 25

Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин, ылайык “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин негизинде, Кызыл-Дыйкан айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Дыйкан менен Полтавка айыл аймактарын бириктирүүгө макулдук берилсин.

2.Кызыл-Дыйкан жана Полтавка айыл аймактарын бириктирүүдө айылдык Кеңештин депутаттарынын сунушу: “Ынтымак айыл аймагы” деген жаңы аталыш берилсин жана айыл аймактын борбору Полтавка айылы болуп бекитилсин.

3. Кызыл-Дыйкан менен Петропавловка айылдарынын аталышы ошол бойдон калсын.

4.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын малекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5.Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.

6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы М.А. Токчулуковго жүктөлсүн.

Таркатылсын: иш кагаздарына, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине, Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнө.

Кызыл-Дыйкан айылдык Кеңешинин төрагасы

Дженишбеков Т.Дж.
