# 8-берене. Жалпыга маалымдоо каражатын түзүү укугу

- Документ: [Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августу № 188 "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5608/edition/35496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029991/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө, 8-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-8

---

1. Жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүү укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактарга таандык.

2. Төмөнкүлөр жалпыга маалымдоо каражатынын уюштуруучусу боло албайт:

1) он сегиз жашка чыга элек, же болбосо соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан, же болбосо сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган Кыргыз Республикасынын жараны;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан ишмердигине тыюу салынган юридикалык жактар.

3. Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүдө чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга, жарандыгы жок адамдарга юридикалык жактардын уставдык капиталынын 35 пайызынан ашык акцияларына, үлүштөрүнө, пайларына ээ болууга, пайдаланууга, аларды тескөөгө жана (же) башкарууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-9)
