# 6-берене. Маалыматты ачыкка чыгарбоо учурлары

- Документ: [Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августу № 188 "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5608/edition/35496/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230029991/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө, 6-берене (06.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-6

---

1. Соттон анын өндүрүшүндө турган ишке байланыштуу тиешелүү негизделген жана жүйөлөнгөн талап келип түшкөн учурду кошпогондо, жалпыга маалымдоо каражаты маалымат булагын сыр сактоого жана анын атын ачыкка чыгарбоо шарты менен маалымат берген адамды атабоого укуктуу.

2. Ачык сот процессинин жүрүшүндө алынган маалымат жайылтылган учурду кошпогондо, жалпыга маалымдоо каражаты укук бузган же укук бузууга шектелген жашы жете электин жеке маалыматтары жөнүндө маалыматты анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз ачыкка чыгарууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230029991/st-7)
